Милиция кызматкерлери күбөлөрдөн сурамжылаганда ал кыздын кафенин жанында жалгыз жүргөндүгү анык болгон.
Табылган кыздын айтуусу боюнча, аты - Махабат. Тилекке каршы, фамилиясын билбейт. Ал аны бул районго апасы алып келип, "кайра келем" деп кеткендигин айткан.
Учурда табылган кыз Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Өспүрүмдөрдүн реабилитация борборуна жеткирилген.