Бишкекте жалган маалымат таратууга каршы "Антиөрдөк" акциясы өттү

Бүгүн, 3-майда Бишкектеги Журналисттер аллеясында ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы “Антиөрдөк” аталышында акция болуп өттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 40ка жакын журналист катышты. Анда символикалуу түрдө кагаздан өрдөктөр жасалып, андан соң өрттөлдү. Ошондой эле келгендерге бышкан өрдөк эти таратылды. Акциянын соңунда журналисттер аллеяда ишембилик жасашты.

Белгилей кетсек, бул акцияны 3-Май - Сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси, "Жаш журналисттер кыймылы", «МедиаКонсалт» жана «ЖМКны колдоо борбору» коомдук фонддору биргелешип уюштурган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Desmond
2014-05-03 16:14:28
Антиордок ]]]]]]]
0
mixi_94
2014-05-03 19:28:57
Аталышы сонун экен. Артарын жыйнап ишембилик откоруп койгондору жакшы болуптур. Бирок бул акциянын өткөрү максатын түшүнбөдүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан