Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 4-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 29-апрелде түнү шахтада ууланып, 116 метр жердин тереңинде калган 1968-жылы туулган Жалилов Рузубай Саттарович менен 1975-жылы туулган Тагаев Бахадыр Абдуллаевичтин өмүрүн сактап калган куткаруучуларга министрликтин сыйлыктарын тапшырды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жарандарды куткарып калышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эң жогорку Каарман медалы менен прапорщик Матраимов Имамали Жолдошевич (КРнын ӨКМнын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун 4-бɵлүкчөсүнүн командири), кенже сержант Садыков Канат Салянович (КРнын ӨКМнын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун нускоочу-куткаруучусу) сыйланды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сержант Халжигитов Эркин Момунович (КРнын ӨКМнын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун нускоочу-куткаруучусу), кенже сержант Болтаев Иброхим Абдижалилович (КРнын ӨКМнын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун нускоочу-куткаруучусу) сыйланышты.
Ал эми жарандардын газга ууланып жер алдында калгандыгы боюнча келип түшкөн маалыматка ыкчам чараларды көрүп, анын натыйжасында эки адамдын өмүрүн сактап калышкандыгы үчүн КРнын ӨКМнын Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын 1-өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводуна Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алкышы жарыяланды.
Ошондой эле куткаруу иштерине катышкан куткаруучуларга Сүлүктү шаардык мэриясынын Ардак грамоталарын шаар мэри тапшырса, шаардагы айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери ыраазычылыктарын билдиришти.
Жогорудагы сыйлыктарды тапшырган өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов куткаруучулардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.
Министр Кубатбек Боронов каза болгон Набижон Бабаевдин үйүнө да барып, анын жакындарына көңүл айтты.
Куткаруучулардын аракети менен аман калып, ооруканада дарыланып жаткан жабырлануучулардын абалы менен да жеринен таанышты.
Иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарындагы жаратылыш кырсыктарынан жарандарга кооптуу болгон аймактарда болуп, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Кооптуу аймактарда жашап жаткан эл менен жолугушуп, жүргүзүлүп жаткан жумуштар боюнча пикир алышты.
Андан сырткары иштеп жаткан айрым шахталардын абалы менен таанышып, шахтёрлорго коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл экендигин эскертти.
Эске салсак, 29-апрель күнү саат 23:00дө Сүлүктү шаарындагы “Узун-Сай” көмүр шахтасында 3 адам газга ууланган. Ал жакка дароо куткаруучулар барышып, 1968-жылы туулган Жалилов Рузубайды жана 1975-жылы туулган Тагаев Бахадырды алып чыгышкан. Ал эми 1968-жылы туулган Бабаев Набижон каза тапкан.