Баткен облусунун Ак-Сай айылында буулган жол ачылды. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Абдипатта Бердиев бүгүн, 5-майда билдирди.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен саат 09:30 чамасында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылган.
Эске сала кетсек, 4-майга караган түнү Ворух анклавы менен Тажикстанды байланыштырган унаа жолу кыргыз жарандары тарабынан тосулган. Буга 3-май күнү Улар жайлоосуна бодо мал айдап бара жаткан кыргыздарды тажик жарандарынын өткөрбөй коюшу себеп болгон.