Кыргыз-тажик чек арасында таш ыргытышуудан эки тараптан бирден унаа талкаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 3-май күнү бодо малын Улар жайлоосуна айдап бара жаткан Ак-Сай айылынын тургунун тажик жарандары өткөрбөй коюшкан. Мындан улам кыргыз жарандары Исфара-Ворух унаа жолун бууп салышкан. Ошол эле учурда тажик жарандары дагы Баткен-Исфана унаа жолун жабууга аракет кылышкан. Бирок ага чек арага жакын жайгашкан кыргыз жарандары каршы чыгышып, эки тарап бири-бирин таш бараңга алган. Анын кесепетинен эки тараптан бирден унаа талкаланган. Учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ворух анклавы менен Тажикстанды байланыштырган унаа жолу ачылды.