Лейлек районунун Маргун айылындагы 164 гектар айдоо жерди жана 520 кожолукту сугат суу менен камсыз кылган суткалык жөнгө салуучу жасалма көл тазаланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда билдирди.
Маалыматка караганда, анда 27 жылдан бери тазалоо иштери жүргөн эмес. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 4-май күнү Баткен облусунун Сүлүктү шаарына жана Лейлек районуна болгон иш сапары учурунда тазалоо жумуштарынын жүрүшү менен жеринен таанышты.
“Июль айына чейин тазалоо иштери толук бүткөрүлүүсү зарыл. Министрлик тарабынан кандай жардам керек болсо, берилип жатат. Бүгүнкү күндө 7 атайын техника иштөөдө”,- деди Кубатбек Боронов.
Айта кетсек, жасалма көл 1987-жылы ишке берилген. Андан бери бир да жолу тазалоо жумуштары жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам ичине кум, ылай, шагыл толуп, топтолгон суунун көлөмү 129 миң метр кубга араң жетип, элдин бак-дарактарына, эгиндерине суу жетпей, көп жылдык мөмөлүү бак-дарактардын кургап калуу коркунучу пайда болгон.