Энергетика министри "Түндүкэлектр" ишканасынын директору Искендер Кадыркуловдун кызматтык жоопкерчилигин кароону сунуштады

Бүгүн, 8-январда Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов "Түндүкэлектр" ишканасынын директорлор кеңешине аталган ишкананын башкы директору Искендер Кадыркуловдун кызматтык жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштады. Министрдин айтымында, мындай чара анын электр энергиядагы жоготууларды азайтууга коюлган планды аткарбагандыгы менен байланыштуу. Эске салсак, ЖКнын 2012-жылдагы жыйындарында өкмөттүн кышка даярдыгы боюнча маселе каралып, анда депутаттар Искендер Кадыркулов менен "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин кызматтык жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан