Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери согуштун ардагерлерине акчалай сыйлык тапшырышты

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери согуштун ардагерлерин куттукташты. Бул тууралуу кечээ, 8-майда аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин шаардык кеңешинин төрагасы Е.А.Данилиндин атынан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырышты.

Ошондой эле Улуу Жеңиш майрамы менен эмгектин ардагерлеринин “Кайрымдуу күчтөр бирлиги” коомунун бирикмесинин төрайымы В.Г.Житиневанын жана Л.М.Фомова атындагы Калкты социалдык жактан коргоочу коомдук кеңешменин төрайымы И.В.Политинин атынан куттукташып, акчалай сыйлык ыйгарышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан