Маалыматка ылайык, «Түндүк электр» ААКсы согуштун ооруктагы ардагерлери Выскребенцева Евдокий Андреевнага, Козликин Иван Михаиловичке 5 миң сомдон бөлдү. Андан тышкары майрамдык азык-түлүк даярдап берди. Азыркы учурда бөлүштүрүү компаниясында Баткен, Ооганстан согушунун 20 катышуучусу эмгектенет. Аларга бир жолудан ар бирине 3000 сомдон материалдык жардам берилди.