Баткен аймагындагы окуядан жаракат алгандардын бири Бишкекке жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кыргыз-тажик жаңжалынан улам медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны 17ге жетти.
Ошондой эле 8 жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, 9 адам ооруканага жеткирилди. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жайгаштырылган жабырлануучуларга жардам көрсөтүү үчүн Ош шаарынан дарыгерлер келишти. Айта кетсек, жабыр тарткандардын абалы туруктуу.