SUPER.KG порталы кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайт

Улуу Жеңиш - кан майданда мекен үчүн жанын берген баатырлардын, согуш жана оорук ардагерлеринин, азыр да арабызда жүргөн карыяларыбыздын чыныгы эрдигинен келген улуу күн. Бул майрамда улуттарды бириктирип, фашисттик Германияга каршы согушта каарманча дүйнө салган ата-бабаларыбызды эскерип, сыймыктануу менен башты ийип миң мертебе таазим кылабыз. Жеңиш күнү - жарыктыктын, көз карандысыздыктын майрамы. Ушул күндү белек кылып, мурас калтыргандар эч качан унутулбайт.
Баарыбызга үлгү болгон ардагерлер мындан ары да арабызда аман жүрүп, улуулук нускаңыздардан жазбай, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге тилектешпиз. 
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, жалпы кыргыз элин Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жакшылык, узак өмүр, ийгилик каалайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tima2014
2014-05-09 09:23:33
rahmat super.kg !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан