Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы юрист-студенттер үчүн Ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу кечээ, 8-майда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргыз-Орус Славян университетинин келечекте юрист кесибин аркалоочу студенттери соттор тарабынан чакырылышты.
"Биз келечектеги юристтерди алар аркалай турган кесибинин функциялары менен таанышып жана Конституциялык Сот ишин жүргүзүү кандай экендигин көрсөтүү максаты менен Конституциялык палатага чакырдык",- деп белгилейт басма сөз кызматынан.
Экскурсиянын алдында студенттер Конституциялык палата тууралуу жалпы маалымат алышты. Ал эми иш-чаранын расмий бөлүгүндө студенттер отурум залында соттун төрагалары жана соттор менен жолугушушту.
“Келечекте көптөгөн студенттер КРнын сот системиндеги татыктуу өкүлдөрү болот деген үмүтүм чоң”,- деди Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев.
Конституциялык палата мындан ары да өз ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында Кыргызстандын студенттери жана мектеп окуучуларына арналган ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо.