Бишкекте бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин катышуусундагы веложүрүш өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, колоннаны согуш ардагерлери отурган 4 автоунаа, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын 5 мотоцикли жана башка унаалар коштошот. Бишкек шаарынын мэри согуш жана спорт ардагерлерин баалуу сыйлыктар менен сыйлайт.
Веложарыш саат 18:00дө Курманжан датка-Ахунбаев көчөлөрүнөн башталат. Андан соң Манас проспектине чейин болгон жүрүштүн катышуучулары Манас проспекти менен Чүй проспектине, анан “Ала-Тоо” аянтына барышат. Сапар саат 19:00дө шаардын эски аянтында аяктайт.