Бишкекте “Улуттук китепканадагы кадыр түн” акциясы өтөт

Бишкекте 16-май күнү китепканаларды жана китеп окууну жайылтуу максатында “Улуттук китепканадагы кадыр түн-2014” деген аталыштагы социалдык-маданий акция өтөт. Бул тууралуу аталган китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган акция алгачкы жолу 2013-жылы 17-майда Улуттук китепкананын демилгеси менен өткөн. Акцияга өнөктөш болгон 30дан ашуун мекеменин өкүлү катышып, китепкананы жана китептерди колдоо иш-чарасына 2000ден ашуун адам келген. 

"Иш-чаранын негизги максаты - маданиятты өнүктүрүп, жаштар жана окурмандар арасында китепканага болгон кызыгууну өрчүтүү. Ошондой эле "китепкана көңүлсүз" деген стереотипти жокко чыгарып, китепкана китеп тандоонун жана маданий өнүгүүнүн ири жайы деген ойду куруу",- деп белгилейт уюштуруучулар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан