Ош шаарында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгын майрамдоого шаардан 15 миңге жакын адам борбордук аянттагы   ардагерлер үчүн театрлашкан оюн-зоок, аскердик парад жана чоң программдагы концертти көрүүгө келди. Ага шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева, ИИМдин Ош жана Ош облусу боюнча жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков жана вице-мэрлер Жапар Ормонов, Ильич Эргешов катышышты.

“Жеңиш күнү бүгүнкү эгемендүү мамлекетибиздин келечегин аныктаган күн болгон десем жаңылышпайм. 9-Май эл ичинде мекенди сүйүүнүн, карыларга урмат-сый көрсөтүүнүн жана тынчтыктын кадырын баалоонун майрамы катары калыптанган”,- деди шаар башчы Айтмамат Кадырбаев.

Ошону менен катар бийлик өкүлдөрү ардагерлерге карата каалоо-тилектерин айтып өтүштү.

Майрам Токтогул жана Навои атындагы сейил багында уланып, спорттук мелдештер уюштурулган, ага согуш ардагерлери да катышып жатат.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 31 ардагери бар. Ал эми согуш жылдарында оорукта эмгектенгендердин саны 70ти түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
swabs
2014-05-09 13:30:58
азаматтар!!!
+7
Kyrgyz_kymyz_jyttuu_bala
2014-05-09 13:50:20
Жакшы болуптур.
+10
jeniw
2014-05-09 14:05:20
Бишкекке караганда Ошто майрам жакшы өтүп жатыптыр азаматтар
+4
Azem2013
2014-05-09 14:21:04
15000дейби? Бишкекте мынча эл барбайт. Даярдык жакшы окшойт да.
+3
edu.kg
2014-05-09 15:53:22
Ооо эн жакшы. Ош шаарыбызда коптон бери мындай майрам уйуштурула элек болсо керек. Мын азда болсо калк маанайы которулуп калыптыр.
+5
Made_in_Mama
2014-05-09 21:01:04
Бугунку майрам Ошто жогорку денгээлде отту! Мындан да жакшы болмок, эгерде Мырзакматов болгондо! Мелис жакшы уюштурчу майрамдарды!!! Аябай коп адам келди. Кээ бир сайттар туура эмес маалымат беришет! 15000ден да коп адам келди!!!
-5
admin_portal
2014-05-12 11:06:56
koroleva_zimy, men_keldim, Mondur - берилген эскертүүлөргө көңүл бөлбөстөн эрежелерди кайра-кайра бузгандыгы үчүн түбөлүк БАН!
1.Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2014-05-12 11:07:40
2.Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
3.Эрежелерди үзгүлтүксүз бузган колдонуучулар сайттан четтетилет жана башка ат менен жаңыдан катталбашы үчүн бардык аракеттер жасалат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан