Бишкекте 12-майдан 18-майга чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо КРнын Каржы министрлигинин 90 жылдыгына арналган Спартакиада өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Спартакиада алкагында армрестлинг, бильярд, волейбол, гиря көтөрүү спорту, дартс, футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш боюнча мелдештер өтөт.
Аталган Спартакиадага министрликтин борбордук аппаратынын, министрликке караштуу мекемелердин, аймактык органдарынын командалары катышат.