Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан кийин өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковго өкмөт тарабынан коюлган талаптарга каршылык билдирүү үчүн Кадамжай районунан жана Кызыл-Кыя шаарынан 1000ге жакын адам бүгүн, 9-майда Кызыл-Кыя шаарындагы стадиондо нааразылык акциясын уюштурушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алардын талабы - Жеңиш Разаковдун аткарып жаткан жумуштарын аягына чыгаруусуна убакыт берүү. Ошондой эле акциянын катышуучулары: “Азыр кадр өзгөртүүчү убак эмес, андан көрө чек ара маселесин чечкенге жардам берүү керек. Чек ара маселеси бир гана Жеңиш Разаковдун колунда эмес”,- дешти.
Эске салсак, кечээ, 8-майда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевге жергиликтүү тургундар губернаторду алмаштыруу талабын коюшкан эле.