Бишкекте бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата согуш ардагерлеринин катышуусунда веложүрүш өттү. Веложарыш саат 18:00дө Курманжан датка - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен башталды. Анын катышуучулары Манас проспекти менен Чүй проспектине, анан “Ала-Тоо” аянтына барышып, шаардын эски аянтынан токтошту. Жалпысынан 200дөй адам катышты.
Иш-чарада колоннаны согуш ардагерлери отурган 4 автоунаа, Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын 5 мотоцикли жана башка унаалар коштоп келишти.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, веложүрүштү мэрия бир топ компаниялар менен биргеликте уюштурду. “Бүгүн биз ардагерлерибизди колдоо максатында ушул иш-чараны өткөрдүк. Менин оюмча, абдан жакшы өттү. Анткени ардагерлер унаа менен борбор калааны кыдырып бара жатканда, жарандар аларга кол көтөрүп, жакшы маанайларын тартуулашты”,- деди мэр. Иш-чаранын соңунда Кулматов согуш жана спорт ардагерлерин баалуу сыйлыктар менен сыйлады.