Вице-премьер-министр Эльвира Сариева Оштогу мектептерди кыдырып чыкты

9-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ош шаарындагы көрүүсү начар балдардын жатак-мектебинде, таланттуу балдардын Кыргыз-Түрк "Достук" мектебинде, "Бүчүр" балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда жана А.Навои атындагы №18-мектеп-гимназиясында болуп, аталган социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мектептердеги ата-энелер фондуна бардык эле ата-энелер акча бере албай турганын айтып, мындай фонддордун мыйзамдуулук жагын кароо сунушун киргизди. Ошондой эле калаа башчы шаардагы "Бүчүр" балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору жана 2007-жылдардан бери окуу имаратынын бир бөлүгү жер титирөөдөн жабыркап, жараксыз абалда турган А.Навои атындагы мектептин маселесин да көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aygul
2014-05-10 09:16:44
Эмне бийликке аялдарды коюп алган, копчулугу эле аялдарго. Ажобуз "Жалан кыздар жана мен" болгонду жактырат окшойт.
-9
kalbek87
2014-05-10 09:33:28
Эжекебиз минстрдей эмес го, ото жонокой корунот экен. жонокой адамдар иштерман болушат беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан