Республикалык “СПИД” борборунун билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен 5337 адам катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди. |
Маалыматка ылайык, 12-13-май күндөрү кыргыз делегациясы Орусияда өтүүчү Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы ВИЧ/СПИД боюнча суроолор тууралуу IV конференцияга катышууда. “2012-жылы Орусия 2013-2015-жылдар аралыгында Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө максаттуу каражат бөлүп берген. Орусияда 12-13-майда өтүүчү жолугушууда аталган долбоордун ишке ашуусу боюнча биринчи натыйжалары талкууланып, ВИЧ/СПИД илдетин дарылоо жана алдын алуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлмөкчү”,- дейт А.Алимахунов. Ошондой эле аталган жолугушууда кыргыз делегациясына жыныстык жол менен жугуучу ВИЧ жана башка инфекцияларын текшерүүчү көчмө лаборатория тапшырылмакчы. Лаборатория КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын базасында курулган жана анда гинеколог, тери жана венерологиялык ооруларды текшерүүчү бөлүмдөр жайгашкан. Лаборатория республикадагы медициналык көчмө борборлордой эле алыскы калктуу конуштарда колдонулмакчы. |