Караколдо “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” деген ураан астында веложүрүш болуп өттү

Ысык-Көл ОИИБинин демилгеси менен 10-майда Каракол шаарында “Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” деген ураан астында веложүрүш болуп өттү. Ага Каракол шаарындагы ЖОЖдордун студенттери жана орто мектептердин окуучулары катышты. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда уюштуруучулар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алууга, жаштарга туура түшүнүк берүүгө багытталган акцияга 150гө чукул окуучу жана студент катышты. Алар Караколдун бардык борбордук көчөлөрүн басып өтүштү. Акция жыйынтыкталар алдында катышуучулар уюштуруучулардын колунан эстеликке белектерди алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jypara1415
2014-05-12 12:17:04
Жакшы акция уюштурушуптур , азаматтар ! Бирок , тиги катышуучулар бир нерсе коргондой болушпайбы , белекке карап жулкунбай .
0
zhanka1234
2014-05-12 14:34:54
Мен да катыщкам. Дайыма ушундай акцияларды уюштуруп турса жакшы болот.
0
jazbek
2014-05-12 15:07:42
Азаматсынар
0
Aisanat
2014-05-12 18:03:04
Биринин да башында каска жок го. Мен баламды каска жок велосипедге отургузбайм. Озум да кием. Анткени жыгылса баш оор жаракат алуудан сактайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан