“Советтер Союзу кулаган соң өз алдынча болгон ар бир мамлекет ар кандай жолду басып өтсө да, окшош нерселер байкалат”,- деп айтты бүгүн, 12-майда өзүнүн лекциясында тажик саясатчысы Парвиз Мулложанов.
Анын айтымында, Советтер Союзу жоюлган мезгилден бүгүнкү күнгө чейин мурунку СССРдин курамындагы мамлекеттерде бийликтин ачык-айкын эместиги, жабык экономиканын өнүгүшү, айрым топтордун күчөтүлгөнү жана башка бир топ нерселер көрүнөт.