Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишине тиешелүү сот процесси 14-январга жылдырылды

Бүгүн, 9-январда Ленин райондук соту Нариман Түлеевге байланыштуу сот процессин 14-январга жылдырды. Мындай чечим айыпталуучулардын бири, "Тазалык" ишканасынын мурунку жетекчиси Бакыт Сыдыковго ооруканада операция жасалышына байланыштуу кабыл алынды. Сыдыковдун жактоочусу "операциядан кийин Бакыт Сыдыков дарыланышы керек. Буга байланыштуу сот процессин 14-январга жылдырууну сурандык" деп билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев менен бирге "Тазалык" ишканасынын экс-директору Бакыт Сыдыков, Бишкек мэриясынын автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожобергенов, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко, муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери Руслан Бейшенбаев жана Билимбек Токтобеков коррупциялык иштер боюнча айыпталууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан