Жалал-Абад. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тажрыйба алмашуу үчүн Кытайга чакырылат 

Бүгүн, 14-майда ИИМдин Эл аралык кызматташуу боюнча башкармалыгынын башчысы Сайпидин Камалов, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков бөлүм башчылары менен биргеликте Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин генерал-майору Чжу Ваньи жана жардамчысы Цай Чжисюнду кабыл  алды. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жалал-Абад облусундагы коомдук коопсуздуктун абалы, экстремизм жана терроризмге, баңги- заттарына каршы күрөшүү, чек ара маселелери боюнча жана облустун аймагындагы ар кандай тармактар  боюнча иштеп жатышкан Кытай жарандарынын коопсуздугу жөнүндөгү маселелер талкууланды. Тажрыйба  алмашуу боюнча генерал-майор Чжу Ваньи быйыл өз өлкөсүнө ИИМдин, башкармалыктардын жетекчилерин  атайын иш сапары менен чакырарын билдирди.

Жолугушууда Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Жеңишбек Жоробеков облустун аймагында коомдук  коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан профилактикалык иштер боюнча  кыскача маалымат берип, келген конокторго өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Генерал-майор Чжу Ваньиге  кыргыздын ак калпагы жана чепкени кийгизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан