Бакыт Орунбеков: "Кыргызстанда кыргыз тилдүү журналисттерди даярдоочу бир да окуу куралы жок"

Бүгүн, 14-майда мамлекеттик тилдин массалык маалымат каражаттарындагы абалын талкуулаган тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Бакыт Орунбеков “Кыргызстанда кыргыз тилдүү журналисттерди даярдоочу бир да окуу куралы жок” деп билдирди. 

Ал өлкө боюнча 8 жогорку окуу жайы («Манас», КУУ, БГУ, И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-Орус Славян университети, КТУ, ОшМУ, Жалал-Абад мамлекеттик университети) журналисттерди даярдап жатканын айтып, окуу жайлар негизинен орус тилиндеги окуу материалдарын колдонуп келишерин кошумчалады.

“Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан басылып чыккан жана бардык талаптарга жооп берген бир да китеп жок”,- деди ал. Ошондой эле профессордук окутуучулар курамынын деңгээли төмөн экенин белгилеп “Бир гана илимдин доктору бар. Журналистикадан тарыхчылар, физиктер сабак беришүүдө”,- деди Орунбеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aitunuk
2014-05-14 19:07:30
Жаңылбасам, Халилов, С.Тиллебаевдердин ж.б. окуу куралдары чыкса керек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан