Бишкекте менингит (мээнин чел кабыгынын сезгениши) илдети менен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин аталган илдет менен Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 68 бейтап жаткырылып, анын ичинен төртөө каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда SUPER.KG порталына Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
“Менингит – коркунучтуу жана жугуштуу оорулардын бири. Аны менен ооруган адамдын абалы бат эле оорлошуп, айрымдары анын айынан каза табат. 1,5 ай аралыгында биздин ооруканага 68 адам кайрылып, баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Тилекке каршы, өтө оор абалда түшкөн 18 жаштагы студент кыз, 1 жашка чейинки 2 бала жана 1,5 жаштагы бир баланын оорусу өрчүп, башка органдарына да залакасын тийгизгенинен улам каза табышты. Ооруканага кайрылган бейтаптардын дээрлик бөлүгү 5 жашка чейинки балдар”,- дейт Г.Аалиев.
Дарыгердин айтымына караганда, аталган оору 10-12 жыл аралыгында катуу кармайт. Буга чейин Кыргызстанда 1998-жылы жана 2000-жылдары менингит менен көп адам ооруган. Жалпысынан 1,5 ай аралыгында аталган оорудан улам жандандыруу бөлүмүнө 25 адам түштү. Бир жума аралыгында жандандыруу бөлүмүндө оор абалда 3 адам жатып чыкты. Учурда алардын абалы жакшырып, палаталарга которулушту.
“Менингит оорусунун негизги белгилери: баш артка тартылып, кусат, дене табы 39-40 градуска чейин жетет, баш чыдатпай ооруйт. Ал эми аталган ооруга кабылган ымыркайлардын эмгеги көтөрүлүп калат. Дем алуу оорлоп, көрүү начарлайт жана оорулуу эсин жоготуп коёт (комага түшүү). Ошондой эле бут жана жамбаш тарапта жылдызчага окшош темгилдердин пайда болушу менингит оорусунун белгилери болуп саналат”,- деп кошумчалайт Г.Аалиев.
Так диагноз үчүн анализге жүлүндөн суюктук сордурулат. Ал суюктук лабораторияда текшерилип, менингитти козгогучтар бар же жок экендигин аныктайт. Анализ канчалык эрте жасалса, диагноз да эрте такталып, адам оору тереңдей электе дарыланып айыкса болот. Оору белгилери билингенде эле ооруканага келбесе, айрымдардын 1-2 күндө эле каза болуп калуу коркунучу жогору.
Дарыгердин айтуусуна караганда, аталган ооруга чалдыкпоо үчүн уктаган бөлмөнү убак-убагы менен желдетүү зарыл. Оорудан сак болуу үчүн эл көп болгон жерлерге, мисалы, базар, кинотеатрларга баргандан жана балдарды алып баруудан алыс болгула. Ошондой эле гигиенаны катуу сактоо зарыл экенин эскертет дарыгер.
Негизинен менингит оорусунун төрт түрү бар: менингококктуу менингит, кайталанма ириңдүү менингит, сероздуу менингит, кургак учуктуу менингит.
Учурда ооруканада дарыланып жаткан бейтап менен да маектештик. Ал бир жума мурун эс-учу жок абалында жандандыруу бөлүмүнө алынып келген.
Рахматжан Калботоев, 60 жашта:
- Өзүм таксист болуп иштейм. Бир жума мурун күндөгүдөй эле жумушка чыккам. Түшкө маал тамактанганга кирип, бирок табитим жок, шалдырап жаттым. Көп өтпөй каракушум тартылышып, башым жарылып кетчүдөй болуп оорутту. Ал күнү түнкү 12ге чейин дене табым түшпөй, 39,5 градус болуп жатты. Эртеси эс-учумду жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыптырмын. Дарыгерлердин айтымына караганда, ооруну унаама түшкөн кардарлардын биринен жуктургам. Учурда абалым жакшы.
Бөлүм башчынын айтымында, бейтап ооруканага баш мээнин шишүүсү менен түшкөн. Ал 3 күн жандандыруу бөлүмүндө тиешелүү дарылоодон өтүп, акыркы 3 күндөн бери абалы бир топ жакшырган.