Талас. 2013-жылдын 9-январына карата 486 тонна арзандатылган ун сатылып бүттү

 КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Жаныбек Тургунбековдун билдирүүсүнө караганда, 2013-жылдын 9-январына карата облустун арзандатылган унду сатуучу соода түйүндөрүнө 491 тонна 50 килограмм ун жеткирилсе, бүгүнкү күндө анын 486 тонна 650 килограммы элге сатылып кеткен. Соода түйүндөрүндө дагы элге сатылуучу 4 тонна 400 килограмм ун турат. Арзан ундун соода түйүндөрүнө үзбөй түшүшү дагы күтүлүүдө. Арзандатылган 1-сорттогу бир мүшөк ун 1150 сомду түзүп, рынок баасынан 350-400 сомго арзан болууда. Ал эми экинчи сорттогу ундун бир мүшөгү болгону 875 сом. “Мындай мамлекеттик колдоолор карапайым элге бир топ жардам болууда”,- деп кошумчалады бөлүм башчы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан