"2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" Самат Эркинбеков: "Алгач рулга отурганда тоокторду сүзүп ала жаздап, байкемден тил уккам"

"Супер-Инфо" гезитинин 2012-жылдагы тандоосу боюнча "Жылдын супер күлкү жаратуучусу" наамынын ээси, "Ак-Өргө city" командасынын оюнчусу Самат Эркинбеков бир кезде кыялданган Мерседес Миллениум Е220 үлгүсүндөгү темир тулпарына жетип, кубанычын SUPER.KG порталы менен бөлүштү.

- Самат, алгачкы жолу рулга отурганың эсиңдеби?
- Аны кантип унутайын?! 8-класста окучумун. Токмокко баратканбыз. Рулда байкем, анын жанында апам. Мен болсо артта отургам. Жолдон эки кыз тосконунан алып алдык. Ошол кыздарга мактангым келдиби, айтор, байкемден рулду сурап алдым. Айдап бара жатсам бир убакта алдымдан тооктор чыга калса болобу?! Буйдала түшсөм, байкем "Жакшы айдабайсыңбы?!" деп урушуп кирди. Апам болсо "урушпа" дейт. Иши кылса машинанын ичи ызы-чуу боло түштү. Сыртынан караган кишиге мас абалындагы киши айдап бара жаткандай сезилсе керек, жолдун бул бетине, аркы бетине чыгып. Ошондо тиги эки кыздан аябай уялгам.
Буга чейин Тойота үлгүсүндөгү унаа айдап жүрчү элең. Аны саттыңбы?
- Ооба, аны сатып, үстүнө акча кошуп бул унаамды алдым. Кичинекейден чоңду көздөй бара жатам. Биринчи унаам Ниссан Марч болчу. "Машинамдын өзү кичинекей болсо да, ичиндеги баланын душасы чоң" деп тамашалап койчумун. Кийин Тойота Марк II үлгүсүндөгү унаа алдым. Алгачкы унаамды алганда "кийин сөзсүз Мерседес Миллениум алам" деп кыялданчу элем. Буюрса, бул кыялым да орундалды.
Унаа тандоодо эмнесине көңүл бурасың?
- Эң биринчи эле шартына карайм. Кышында үшүп же жайында ысып кетпейин деп меши жана кондиционери бар экенине көңүл бурам. Анан, албетте, түсүнө да карайм. Кир көтөрүмдүү, ак, күмүш түстөгү унааларды тандайм. Анткени машина жууганды жактыра бербейм.
Өзүңдү "Шумахерлердин" катарына кошосуңбу?
- Андай деле "Шумахер" эмесмин. МАИчилер жок жерде эле ылдамдыкты жогорулатпасам... Азырынча ылдамдыкты саатына 160 чакырымдан ашыра элекмин.
МАИчилер демекчи, аларга көп эле кармалсаң керек?
- Кээде жөө жүрүүчүнү өткөрбөй коюп, жол чырактан шашып өтүп кармалып калам. Андайда дароо эле "Байке, мен үчүнчү жолу жол эрежесин бузуп жатам. Айдоочулук күбөлүгүмдү алыңыз да, маалым кат жазып бериңиз" дейм. "Макул, суранып калыпсың" деп жазып беришет. Кийин айып пулун төлөп алып кетем.
Машинасыз өзүңдү элестете аласыңбы?
- Машинасыз жашообу?.. Кыйын болуп калат го дейм. Мисалы, машинамды менин экинчи үйүм деп койсом деле болот. Каалаган учурда ашкана кылып, тамактанып алам. Ичине анча-мынча идиштерди салып койгом. Анан дайыма костюм-шымымды салып жүрөм. Бир жакка шашылыш чакыруу болуп калса, кийинип-чечинүүчү жайга айланат. Кээде үйгө кеч барып калганда үйдөгүлөрдүн уйкусун бузбайын деп уктоочу бөлмөгө айлантам.
– Машинаңдын дөңгөлөгү дайыма чимирилип турсун. Маегиңе рахмат!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SHATY
2014-05-22 16:16:44
Дооту кут болсун.
0
Aipri
2014-05-22 17:01:15
Доорон унаандын торт донгологунон шамал токтобосун!!!!!
+2
aikol87
2014-05-22 17:26:54
Биринчиси окшойт десе....учунчусу турбайбы.
0
Begimkyz
2014-05-23 00:29:33
Тугунон шамал отуп журо берсин!
0
Alicia
2014-05-23 13:48:37
molodets kiinkisi Hamer, Bentli bolsun:)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан