Ош облусунда саясий-коомдук ишмер, режиссёр Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган киножумалык өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук кинобирикмесинин башчысы Адылбек Сарыбаев бүгүн, 23-майда билдирди.
Анын айтымында, жумалык 20-28-майга чейин созулат. Иш-чаранын ачылышы бүгүн Ош облустук кинодирекциясында тийиштүү өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.
“Аймактагы кино сүйүүчүлөр режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан «Махабат дастаны», «Арман», «Акбаранын көз жашы», «Эмилбектин жайыты» сыяктуу он чакты тасманы көрө алышат. Мындан сырткары коомдук ишмер тууралуу тартылган «Доке» даректүү тасмасы да жергиликтүү калктын назарына сунушталат”,- дейт ал.
Ошондой эле киножумалык облустун бардык район-айылдарында бирдей башталганын кошумчалады.