Бүгүн, 23-майда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Кыргызстандагы үйлөнүү үлпөт индустриясындагы товарлардын көргөзмөсү ачылды.
Бул көргөзмөдө үйлөнүү тоюнун уюштуруучулары, координаторлору, салондор, агенттиктер ар кандай тейлөө кызматтарын сунушташты.
"Көргөзмөнүн максаты - Бишкектеги үйлөнүү үлпөт индустриясында иш алып барган компаниялардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле келечекте кол кармаша турган жаштарга үйлөнүү тоюн мыкты деңгээлде өткөрүүсүнө көмөк көрсөтүү",- дешет уюштуруучулар.
Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө 25-майга чейин уланат.