"2014-жылы балдардын онкологиялык ооруларына каршы дары-дармек сатып алууга акча каражаты эки эсе аз бөлүндү",- деп айтты бүгүн, 26-майда маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева.
Анын айтымында, эгер 2013-жылы балдардын онкологиялык ооруларына каршы дарылоочу каражаттарды сатып алууга 3 миллион сом акча каражаты бөлүнсө, 2014-жылы 1,5 миллион сом бөлүүгө мүмкүнчүлүк болду. "АКШ долларынын баасынын өзгөрүшү ушуга себеп болду",- деди министр.
"Мындан тышкары 2013-жылы республика боюнча Онкология борборлоруна керектүү жабдууларды сатып алууга жалпысынан 58 миллион сом бөлүнгөн. Бирок бул каражат толук кандуу иштетилген жок. Ошондуктан калган акча каражаты ушул жылы оңдоо иштерине жана жабдууларды сатып алууга пайдаланылат",- деди Сагынбаева.