Тышкы иштер министрлиги: Сауд Арабиясынан тараган оор илдеттен улам адамдар каза таап жатышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөгө баруучу жарандарга кайрылып, Сауд Арабиясынан тараган оор илдеттен адамдар каза таап жатканын эскертүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир нече ай аралыгында “MERS” деген аталыштагы вирустун айынан эки адам каза тапкан. Сасык тумоого окшош бул ооруга чалдыккандардын 50 пайызы өлүмгө дуушар болууда. Аталган вирус Арабия жарым аралында жашаган төөлөрдөн тарап жатат. Алгач бул вирус Бириккен Араб Эмирликтерине коңшу жайгашкан Сауд Арабиясында 2012-жылы аныкталган. Ооруган 473 кишинин ичинен 133ү каза тапкан. Ага чалдыккандар Франция, Германия, Иордания, Катар, Улуу Британия, Италия, Египет, Ливан жана АКШда катталууда. Учурда аталган вируска каршы вакцина жок экенин дарыгерлер айтышууда. 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөлөргө кетип жаткан жарандарды этият болууга, тиешелүү мекемелерден так маалымат алууга чакырып, айрыкча сафариге барууну каалагандар төөлөрдөн алыс болушу керектигин эскертти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uluk1982
2014-05-26 13:21:06
Эмдоо жургузуш керек деп ачык эле айткыла да!
0
bazar
2014-05-26 16:18:31
Японияда цунами жvргондо, "намаз окушпайт, башка динде, ошон vчvн Алланын каарына калып жатат" деп молдо соройлор додvроштv эле. Эми эмне болду биягы?..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан