Бишкекте Камчыбек Дүйшалиевдин 70 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкекте К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Камчыбек Дүйшалиевдин 70 жылдык мааракесине карата иш-чаралар өткөрүлөт.

Алсак, 29-майда КРнын Улуттук китепканасында жылнаамалык көргөзмө ачылат. Ошондой эле бул күнү К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында илимий-практикалык конференция уюштурулат. Ал эми 30-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чоң концерт өтөт.

Белгилей кетсек, Камчыбек Дүйшалиев 1944-жылы 13-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ал М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияда окуган, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын аспирантурасын аяктаган. Мындан тышкары Кыргызстандын музыка маданиятындагы көйгөйлөрдү чагылдырган жүздөгөн белгилүү илимий макалалардын автору. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан