1-июнда “Мээримиңдин бир бөлүгүн балдарга белекке бер” аттуу концерт болот

1-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" аянтында “Мээримиңдин бир бөлүгүн балдарга белекке бер” аттуу концерт болот. Иш-чаранын алкагында турмушу бөксө жана аз камсыздалган үй-бүлөдөгү балдарга жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултулат. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда уюштуруучулар кабарлашты.

Күндүзгү программада театралдык көрсөтүүлөр, балдарга арналган шоулор, самын көбүртүү шоусу, аквагримм, бийлер, ар кандай оюндар ойнотулуп, белектер тартууланат. Ал эми иш-чаранын кечки программасында паркур, бит-бокс өнөрлөрү көрсөтүлүп, кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан