Руслан Акун: "Депутат кылмышка шектүү деп санаган "Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Даниэль тартиптүү, жакшы адам. Депутаттын сөзүнө ишенгим келбей турат"

Бүгүн, 29-майда ЖКнын жыйынында депутат Максат Сабировдун "2006-жылы Бишкектеги мектептердин биринде Азим Чикеев деген баланы Даниэль Бурканов деген классташы бычак менен сайып өлтүргөнү коомчулукка тараган. Кылмышкер баланы психикалык ооруканадан "акыл-эси кем" деген маалым кат алуу менен каттатып, жазадан сууруп кетишкен. Ошол бала эми "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында көрүнүктүү ролду аткарып жүрөт. Мына биздин коомубуздун жүзү" деп айтканы учурда маалымат каражаттарында кызуу талкууга алынууда. 

Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Руслан Акундун оюн билүү үчүн чалганыбызда ал буга таң калып жатканын айтты. 

“Мен депутаттын сөзүнө ишене албай турам. Даниэлди таап, аны менен сүйлөшүп, анын пикирин билгим келет. Аны менен Нью-Йоркто таанышканбыз. Сүйлөшүүдөн соң Бурканов жакшы таасир калтырган. Ал тартиптүү, жакшы адам. Ал тасмада экинчи пландагы каармандын ролун, башкы каарманды өз үйүнө жашаганга алган баланын ролун ойногон. Анын ролу позитивдүү жана оң каарман. Мага азыр депутаттын сөзүнө ишениш кыйын болуп турат”,- дейт "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын режиссёру Руслан Акун.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gooool
2014-05-29 13:28:42
мына сага уят...жинди дегендер байкы ролду аткарып жатса, жинди деген документти бир эле ал эмес кобу эле алса керек акчасы барлар, эмнеден сактаныш үчүн экени белгилуу да...
-2
mambetov88
2014-05-29 14:10:49
эми кызык башталдыго....
0
aikol87
2014-05-29 16:11:58
Дагы нени ойлоп чыгышты?..
+1
youngyoung
2014-05-29 19:58:13
"Анын ролу позитивдүү жана оң каарман". ))) Он каармандын ролун ойносо, реалда жакшы адам дегенди тушундуробу?
+2
elzat150498
2014-05-29 20:14:57
оозу кыйшык болсо да байдын баласы суйлосун деген ушул да.Кааласа жинди каалса он каарман.Бизде мындай он каармандар толтура го чиркинж
0
nurgul-92
2014-05-30 05:08:10
Tura turgula dagy buzuk telefondor bashtalat azir
+1
azamat1992kg
2014-05-30 17:32:20
Турсунбай Бакир уулу ошол убактагы омбудсмен күбө болуп бере алат. Жамила эже канча ичи сыздап,канча күйдү, бирок тыянак чыккан жок.
0
demo009
2014-05-30 22:05:53
Руслан Акундун да башы жетпей турат буга
0
Kalin466
2014-06-07 13:25:36
Макул депутаттын созуне ишенбесин,каза болгон баланын апасы кантип калп аитсын? Ишенбеим деп эле кутулуп кетиш керекби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан