Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 20 жыл болгондугу менен куттуктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Тажик ажосу Кыргызстан менен Тажикстандын көп кылымдык достук-туугандык мамилеси бар экендигин белгилеп, экономикалык, маданий-саясий, коопсуздук жана гуманитардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташууну жогору баалаарын билдирди. “Мындан аркы кызматташтыкка бекем ишенем, сизге чың ден соолук жана бир тууган кыргыз элине өнүгүү-өсүү каалайм”,- деди Рахмон.