Бүгүн Бишкекте кымыз майрамы өтүп, келген коноктор Суусамыр, Нарындан алынып келген кымыздан ооз тийишти (фоторепортаж)

Бүгүн, 30-майда Бишкектеги Эмен багында кымыз майрамы өтүүдө. Ага Бишкек шаарынын тургундары жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып жатат. Сейил бакка атайын боз үй тигилип, дасторкон жайылып, келген коноктор Суусамырдан, Нарындан алынып келинген кымыздан ооз тийишүүдө. 

Майрамдын жүрүшүндө уюштуруучулар жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев баштаган аксакалдар, ак элечек энелер кымыздын курамы, түрлөрү жана ден соолукка болгон пайдасы тууралуу айтышты.

"Кымыз - кыргыздын улуттук суусундугу. Илгери кыргыздар жолдон өтүп бара жаткан кишиге "ой, келип ак ичип кетиңиз" деп чакырып алып, кымыздан куюп беришчү. Андан соң анын кайдан келе жатканын, ал-абалын сурашчу. Көп жерден кымыздын түрлөрүн ичтим. Эң күчтүү кымыз бетегенин кымызы болуп саналат экен. Ал да экиге бөлүнүп кетет. Кызыл бетегенин жана көк бетегенин кымызы делинет. Өңдөрүнөн айырмаланат, аты айтып тургандай, кызгылт жана көгүш болот",- дейт кымыз тууралуу сөз козгогон Топчубек аксакал.

Ал эми бул майрамдын уюштуруучусу Консулбек Токтогулов мырза мындай саамалыкты жыл сайын өткөрүүнү максат кылып жатканын айтты. "Кымыз майрамы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жатат. Бул иш-чаранын негизги максаты кыргыздын каада-салтын, улуттук тамак-аштарын, суусундуктарын элге кеңири жайылтуу болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, учурда дүкөндөрдүн текчелеринен, базарлардан суусундуктардын түрүн табууга болот. Бирок алар табигый эмес, ар кандай каражаттар кошулуп жасалган. Зыяндан башка эч кандай пайдасы жок. Өзүбүздүн суусундуктарыбызды, кымыз, жарма, максым сыяктуу улуттук баалуулуктарыбызды жайылтуу - ар бирибиздин милдетибиз.

Албетте, биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыктан, уюштуруу иштеринде кемчиликтер кетпей койгон жок. Жер-жерлердеги кымыз жасагандарга фестивалдын болору тууралуу кабар бергенбиз. Тилекке каршы, аба ырайы бузулат дегенгеби, көпчүлүгү келе алышпады. Буюрса, жыл сайын 30-майды Кымыз күнү деп белгилеп, ушундай фестиваль өткөрүүнү максат кылып жатам. Кийинки жылдары мындан да жакшы өтөт деген ишеничтемин",- дейт.  

Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулуп, “Кара жорго” бийи жана улуттук оюндар тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erhan
2014-05-31 04:50:05
Жакшы кылышыптыр Кымызды абдан сагындым !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан