3-июнда Бишкектеги Улуттук китепканада “Миграция балдары” аттуу электрондук китептин бет ачары болот. Ал китепте айылдан шаарга келген жаштардын миграция тарыхы тууралуу баяндалат.
Китеп волонтёрлордун “Миграция балдары” аттуу социалдык долбоордун үстүндө иштеген 3 айлык эмгеги.
Долбоордун максаты бишкектик жана айылдык жаштардын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.
Китептер электрондук китепканаларга, жогорку окуу жайлардын, айылдагы жана жаңы конуштагы мектептердин китепканаларына тапшырылат.
Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда "Сорос-Кыргызстан" фондунан билдиришти.