Маалыматка ылайык, майып балдар өз алдынча жашай албайт. Аларды караган адамдар дайыма жанында болуусу зарыл. Анын айынан көп ата-энелер иштебей, эч кандай айлык акы албайт, анын негизинде пенсияга чыга албай калууда.
“Майып балдардын ата-энелери күнү-түнү кам көргөндүктөн, сыртка чыгып иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондон улам Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан алардын эмгегин баалап, колдошубуз керек. Биз бул боюнча атайын иштерди жүргүзүү аракетиндебиз”,- дейт К.Базарбаев.