Кыргызстан экинчи ирет Нью-Жерсидеги “Эл аралык мурас” фестивалына катышты (фоторепортаж)

Кыргызстан Американын Нью-Жерси штатында май айынын аягында өткөн “Эл аралык мурас” фестивалына катышты. Бул тууралуу 2-июнда “Kyrgyz Club” Эл аралык бирикмесинин расмий сайты жарыялады.

Бул фестивалга аталган бирикменин демилгеси менен Кыргызстан экинчи жолу катышып жатат. 

Белгилүү болгондой, башка өлкөлөрдүн маданияты менен таанышуу үчүн 5 миңден ашуун көрүүчү келген. 45 мамлекет маданий мурастарын тартуу кылынган иш-чаранын негизги максаты - америкалыктарды дүйнө элинин маданияты менен тааныштыруу. 

Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөр кыргыздын маданияты, Кыргызстандын жаратылышы тууралуу маалымат алып, кийизден жасалган буюмдардын көргөзмөсүн көрө алышкан. “Kyrgyz Club” бирикмеси Кыргызстандын маданиятын 4-июнь күнү Массачусетс штатында, 10-июнда Нью-Йоркто тааныштырууну улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан