Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Беловодск балдар үйүндө тарбияланып жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга экскурсия уюштурулду. Ага 10-16 жашка чейинки 13 бала катышты. Акциянын алкагында балдар музейдеги экспонаттар менен таанышып, аларга сүрөт тартуу, кум графикасы боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле балдарга “Каринаны тап” аттуу интерактивдүү оюн тартууланып, алар эсинде калган сүрөттөрдүн аттарын, авторлорун айтып беришти.
Өспүрүмдөр музейге биринчи жолу келишкенин айтышып, кызматкерлерге ыраазычылыгын билдиришти.
"Иш-чара 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулган. Анын максаты - балдарды маданиятка кызыктыруу, музейдин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу",- дейт музейдин арт-менеджери Чолпон Тентиева.