Актрисанын билдирүүсүнө таянсак, Эрик Ротанын сценарийи боюнча жазылган Клеопатранын биографиялык картинасы анын карьерасындагы акыркы тасма. Картинанын сценарийи америкалык жазуучу Стейси Шиффтин «Cleopatra: A Life» китебинин негизинде жазылган. Жаңы фильмдин режиссёру азырынча белгисиз. Долбоорго Энг Ли, Жеймс Кэмерон жана Дэвид Финчер кызыкдар экенин билдиришкен. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Мен мыкты карьера жасай алдым, жетиштүү иштедим, бактылуумун. Мен эми көңүлүмдү режиссёрлукка, сценарий жазууга бурушум керек. Анан, албетте, БУУ менен биргеликте кайрымдуулук иштерин жасай берем”,- дейт Анжелина Жоли.