8-июнда Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында "Дог-шоу" кайрымдуулук программасы тартууланат. Анда фристайл (ит менен бий), иттердин костюм сынагы жана алардын кожоюндарынын арасында кызыктуу сынактар уюштурулат. Мындан тышкары “Мыкты коёнек”, “Мыкты дос”, “Даамдуу колбаса” жана башка оюндар болот.
Чогултулган каражаттар “Жашоо укугу” фондуна жандыктарды багуу үчүн берилет.
Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда уюштуруучулар кабарлашты.