Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого Түркия өкмөтү каражат бөлөт. Бул 3-июнда Анкарадагы КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Болжолдуу эсептөөгө караганда, музейди жалпы реконструкциялоо иштерине 270 миллион сом керектелет. Музей план боюнча 2 жылга жабылып, ал 2016-жылы 1-июлда ачылат.
Эске салсак, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 3-июнда Түркияга иш сапары менен барган. Анда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин 3-отурумунун алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды, өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.