Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 100 миң сом каражат бөлүнөт

Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковдун жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 100 миң сом каражат материалдык жардам катары КРнын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түгөлбай Токтогулович Казаков кыргыздын чыгаан композитору, публицист, журналист, коомдук ишмери катары таанымал. Ал 1951-жылы Кыргызстандын Талас облусуна караштуу Көпүрө-Базар айылында туулган. 1960-1980-жылдары кыргыз музыкасын калайыкка жакын кылып, заманбап обондуу ырларды жараткан обончулардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adilet_3234
2014-06-04 12:03:26
мен деле жардам берет элем ушул кишиге
0
alirun
2014-06-04 12:55:42
Баарылап колдоого чакырам. Мындай залкар адамдар бизге керек.
0
Beise
2014-06-04 19:06:12
Окмотко ыракмат анда мындай адамдар бизде саналуу эле да туурабы
0
chyngyz84
2014-06-04 20:29:07
Кыргызым деген, ак журок адам, кудайым шыпаасын берсин!.
0
maksnarin
2014-06-04 21:21:53
Аллахым шыпаасын берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан