Көчө акыны катары таанылган кыргыз рэп ырчысы
Баястан бүгүн, 4-июнда 21 жашын досторунун курчоосунда белгилейт.
"Бүгүн кечке Назгүл жана Бегиш болуп бир иш-чарага катышабыз. Андан соң досторумдун курчоосунда туулган күнүмдү белгилейм. Бүгүнкү күн жеке менин эле эмес, апам Жылдыздын да майрамы. Эртең менен апамды куттуктадым. Мен үчүн эң баалуу белек - апамдын маңдайымда акыл-насаатын айтып, мени колдоп турганы. Анын жанында канчалык баалуу белек болсун, мен үчүн барксыз",- дейт.
Ошондой эле ырчы учурда жайкы сессиясын тапшырып жатканын айтат. "Сессия башталып, китептен баш көтөрүлбөй жатат. Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунда окуп жатам. Буюрса, келечектеги балдар дарыгеримин. Балдардын өмүрү биздин колубузда болгондуктан, татыктуу билим алышым керек. Албетте, чыгармачылыгым четте калган жок. Бегиш экөөбүз "Кыргызстанга эч ким тийбесин" аттуу ырдын үстүндө иштеп жатабыз",- дейт акыркы жаңылыктары менен бөлүшкөн Баястан.
Белгилей кетсек, рэп ырчысы Баястан Ботоканов Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында туулган. Алгач 2008-жылдан баштап сахналаш досу Бегиш менен биргеликте "Керексиң мага" ыры аркылуу элге тааныла баштаган. Андан соң "Математика", "Эркелеп" аттуу хит ырларды жараткан.