Ырчы Марат Ибраев Эстонияда өткөн эл аралык сынактын лауреаты болду

Ырчы Марат Ибраев 23-26-майда Эстонияда өткөн Изабелла Юрьева атындагы орус романстарын аткаруу боюнча 15-эл аралык сынактын лауреаты болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда ырчы билдирди.

Анын айтымында, сынакка Орусия, Беларусь, Голландия, Чехия, Украина, Латвия, Эстония мамлекеттеринен 41 катышуучу катышкан. Ал эми Борбор Азиядан Марат Ибраев жалгыз барган. Сынакта ар бир катышуучу 6 чыгарма аткарган. Сынактын шарты боюнча, алардын экөөсү Изабелла Юрьеванын репертуарынан болгон. 

“Мен Калый Молдобасановдун “Селкиге” аттуу чыгармасын аткардым. Калыстар тобуна абдан жакты көрүнөт, чыгарманы уккан соң абдан таң калып, кызыгып калышты”,- деп белгилейт Марат Ибраев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
noeli
2014-06-04 20:53:23
ох видеосу жокпу а?
0
Ak_TiLeK
2014-06-05 02:40:17
Barakelde
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан