КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 2013-жылдын март айынын соңунда болуучу мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча жобону өзгөрттү. Тактап айтканда, олимпиадада колдонулуп келген предметтердин тизмеси 13төн 10го кыскарды. Тизмеден "Адам жана коом", өзбек жана француз тилдери сабактары кыскартылды. Мындан ары кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча гана Респибликалык олимпиада болот. “Жаңы билим берүү стандартына ылайык, окуучулардан оорчулукту алуу үчүн окуу планынын көлөмү жана мазмуну кайра каралды. Жыйынтыгында кээ бир сабактар башка сабактар менен бириктирилип, кээ биринин сааты азайды. Ошондой эле Республикалык олимпиаданын жобосу да кайрадан каралды",- деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.