Курал Чокоев, «Урал моңо-2014» Эл аралык музыкалык сынагынын жеңүүчүсү"Алгач бул сынакка баруудан чочулаган элем"

28-30-май күндөрү Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» Эл аралык музыкалык сынагында кыргызстандык ырчылар Курал Чокоев 1-орунду, Айбек Саралаев 2-орунду өңөрүп кайтышты. Ал эми бул сынакта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Заманыбыздын супер ырчысы” Айчүрөк Иманалиева таланттардын өнөрүнө калыстык кылып кайткан эле. Бүгүн, 5-июнда ырчылар Айчүрөк Иманалиева, Курал Чокоев, Айбек Саралаев, сынакка маалымат каражаттарынын өкүлү катары барган Таалайбек Орозкулов жана Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боромбаев журналисттер үчүн атайын жыйын өткөрүп, сынак тууралуу ой бөлүшүштү.  

“Мен бул сынакта биринчи күнү “Ой, тобо”, экинчи күнү сөзү Алыкул Осмоновго, обону Асанкалый Керимбаевге таандык “Сулууга” ырларын аткардым. Мурда эл аралык сынактарга катышып келсем да, бул жолу негедир чочуладым. Айчүрөк эже калыстар тобунун мүчөсү болорун айтып, бизге моралдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдиргенде макулдугумду бердим. Буга чейин эл аралык конкурстарда биздин өлкөдөн калыстар тобунун мүчөсү болгон эмес. Ал эми сенин талантыңа өзүңдүн кишиң күбө болуп отурганы ишенимди арттырып, дем-күч берет экен”,- дейт Курал Чокоев.

Ырчы Айбек Саралаев болсо сынак тууралуу: "Биз бул сынакта өзүбүздүн маданиятыбызды көрсөтүп, этно-фольклор, эстрада жанрындагы ырларды аткардык. "Арпанын Ала-Тоосунан", "Сагынам" аттуу ырларды создум. Калыстар тобу биздин чыгармачылыгыбызга суктанышты. Анткени өзүбүздүн музыкабызды чын дилден аткарып бердик",- деген оюн айтты.

Айчүрөк Иманалиева, ырчы: "Эл аралык сынакта калыстар тобунда өз мекениңден барган адам болсо, бул ар бир аткаруучу үчүн эбегейсиз чоң жардам. Мына ушинтип бир туугандай болуп, биримдикте иш алып барсак, биздин өлкөнүн таланттары дүйнөгө тааныла берет",- дейт.

Белгилей кетсек, «Урал моңо» сынагындагы калыстар тобу 7 жылда бир жаңыртылат. Андыктан Айчүрөк айым кийинки жылдын катышуучуларына да жөлөк-таяк болмокчу.

Аталган сынакка Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле Орусия Федерациясынын республикалары: Алтай, Дагестан, Татарстан, Тыва, Хакасия, Саха (Якутия), Кабардин-Балкария, Карачай-Черкессиядан барган 52 талант катышты.

Маалымат үчүн айта кетсек, буга чейин бул сынакка Нурзат Садыкова, Азамат Сарыбаев өңдүү жаш ырчылар катышып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aisuluu7
2014-06-05 16:07:25
Азаматтар!!!
-1
nurali20
2014-06-05 16:49:36
Куттуктайм!!!
-1
Aipri
2014-06-05 18:02:32
Курал азамсын!!! Айчурок эже да мыкты.
-1
aikol87
2014-06-05 19:05:51
Азаматтар!!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан