Дүйшөмбү шаарында 8-11-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 11-жолу өтүп жаткан жыйында маданият жана искусство тармагында биргеликте иш алып баруу боюнча документке кол коюлат. Иш-чара Тажикстандын Улуттук китепканасында өтөт. Ага КРнын Маданият министри Камила Талиева катышат.